Бишкек шаарындагы №4 кесиптик лицейи

фото
1954–жылы  №4 кесиптик техникалык окуу жайы  болуп негизделген.

1999-жылдын 1-сентябрында  жалпы орто билим берүү менен  бирге кесипчилик – техникалык лицейи статусу  берилген. Жетим балдарды, майып балдарды, көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына   социалдык   жардамдар   көрсөтүү   максатында   Кыргыз   Республикасынын     1999-жылдын 2-декабрындагы  Кыргыз  Өкмөтүнүн №-658 Токтомунун негизинде №4 кесиптик лицей реаблитациялык окуу жайы статусуна ээ болгон.

Лицейде бир эле убакта 660 окуучу сабак окуй ала турган  окуу кабинеттери, конференция  залы, компьютердик класс, ашкана, спорт залы,  спорт оюндары  үчүн аянтча, бокско,женил  атлетикага катышууга арналган залдар,  “Эмгек жана эрдикке даңк” музейи, жыгач усталар, гипсокартон менен иштөөчү, электр жана газ менен ширетүүчүлөрдүн, слесарлардын,  сырдоочу–шыбакчылардын жана жылуулук изоляциясы боюнча өнөрканалар,  китепкана, ашкана, жатакана бар. №4 лицейинде 1 илимдин кандидаты, 2 аспирант, Кыргыз Республикасынын “Кесиптик билим берүүсүнүн” 9 мыктысы  (отличиниги), “Билим берүүнүн 3 мыктысы”  эмгектенет

Кабыл алуунун шарттары:

Бишкек шаарындагы №4 кесиптик лицейи төмөндөгү кесиптер боюнча квалификациялуу жумушчу кадрларды даярдайт: 

9- класстын базасында (орто билим жана кесип берүү ) 

Окуу мөөнөтү 2 жыл:

  • Санитардык-техникалык системаларды жана жабдууларды куроочу, электр жана газ менен ширетүүчү;
  • Ремонт-курулуш иштери боюнча уста;
  • Жыгач иштетүүчү уста

Окуу мөөнөтү 10 ай:

  • Электр жана газ менен ширетүүчү;
  • Кургак курулуш устасы;
  • Санитардык-техникалык системаларды  жана жабдууларды куроочу,  электр жана  газ менен  ширетүүчү;
  • Жылуулук  изоляциясы жана жасалголоочу.
Жумушсуздарды кыска мөөнөттүү окутуу:

Окуу мөөнөтү 4 ай:

  • Электр жана газ менен ширетүүчү;

Окуу мөөнөтү 3 ай:

  • Слесарь-сантехник;
  • Жыгач уста
  • Гипсокартончу

Окуу мөөнөтү 2,5 ай:

  • Шыбакчы-сырдоочу;
  • Шыбакчы-плита коючу;
  • Жылуулук изоляциясы жана
  • Жасалголоочу
Окуунун шарттары:

Балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, томолой жетимдер 3 маал, калган окуучулар 1 маал ысык тамак менен камсыз болушат, социалдык стипендия алышат. Жакшы окуган “5”ке, “5,4”ке жалан “4” окуган окуучулар стипендия алышат. Бүтүрүүчүлөргө курулуш ишканаларына жолдомо берилет. Алыстан келгендер жатакана менен камсыз болушат. Директордун наамына (кайсы кесипке окуй турган көрсөтүлгөн) арыз жана төмөндөгү аталган документтер тапшырылат.

Кабыл алуунун шарттары:

Директордун наамына (кайсы кесипке окуй турганы көрсөтүлгөн) арыз жана   төмөндөгү аталган документтер тапшырылат:

  1. Билими тууралуу документ
  2. Жашаган жеринен справка,
  3. Үй-бүлөөсү тууралуу
  4. (086-У) формасындагы
  5. Медициналык справка
  6. (№ 063) формасындагы
  7. Профилактикалык эмдөө картасы
  8. Туулгандыгы тууралуу
  9. Күбөлүк (көчүрмөсү)
  10. Ата-энесинин паспортторунун (көчүрмөсү)