«Эмгек жана Эрдикке даңк» – музейи
«Улуу Ата Мекен согуштун 60-жылдыгына» арналып, лицейдин жалпы жааматы аркылуу негизделип жасалган. Музейдин мааниси окуучуларды патриоттук, мекенин сүйүү сезимин ойготуп тарбиялоо.
1941-1945 –жылда Ата Мекенин коргоп жана жаштардын келечеги үчүн, кан жанын аябай курман болгон баатырларды эскерүү менен «таазим»-этүү озуйпасын үйрөтүү. Кыргызстанда курман болгон бааатырлардын саны «73». Советтер Союзунун Маршалдардын сүрөтүн жана Кыргызстандык баатырлардын сүрөттөрүн издөө көп кыйынчылыкта турду. Бирок ал кыйынчылыкты издешүү менен жеңип, баатырлардын сүрөтүн дубалга жайгаштырып, окуучуларыбызга таалим-тарбия берип келебиз.
Улуу Ата-Мекендик согуштун «60», «65», «70»- жылдарын эскерүүдө лицейге ВОВ ардагерлери тарабын көптөгөн алкыш, грамота жана баалу сыйлыкты алып келдим.
Жеңиштин урматына ар жылы «9-май майрамын майрамдап, курман болгон «баатырларыбызды» музейден карап, окуучуларыбыз жана иштеген лицейдин жалпы жааматы эскерүү менен иштеп келебиз».
Согуш болбосун, өлкөбүз тынчтыкта өнүгүп, жаштарыбыз жана балдарыбыз бакыбат турмушта жашасын деп тилеп келем.