Россияга бардык куруучу боюнча  кесиптерди окутуп  легалдуу жол менен жумушка орношууга жардам беребиз. Лицейдин базасында 1 айдан 4айга чейинки сантехник, сварщик, столярь, плотник, каменьщик, бетонщик, штукатур, маляр, теплоизоляционщик сыяктуу кесиптерди окутуп, сертификат алып алыныз.

Лицейдин тарыхы

      №4 Кесиптик лицейинин түптөлүшүнө түздөн-түз тиешеси бир адам-Кыргыз  ССРинин кесиптик билим берүүсүнүн эмек сиңирген чебери, Эмгек Кыргыз Туу орденинин эки жолку кавалери, СССРдин   кесиптик билим     берүүсүнүн мыктысы, СССРдин  (ВДНХ) эл      чарбасынын жетишкендиктеринин  көргөзмөсүнүн 10 жолку алтын медалынын ээси Иван Иванович Васильев. Ушул инсандын суранычы  менен Фрунзе шаарында №4 Кесиптик лицейинин окуу корпусу  курулган.

      И.И.Васильев ушул лицейди бүтүргөн. Устат болуп иштеген учурунда 1680ден  ашык  жыгач  усталарды  даярдап чыгарган. Ал Кыргызстанда кызыл жыгач  боюнча  бирден – бир  аты  чыккан  чебер  болгон.

      Бишкек шаарындагы №4 кесиптик лицейи 1954–жылы  №4 кесиптик техникалык училища  болуп   негизделген.                                              

      1999-жылдын 1-сентябрында  жалпы орто билим берүү менен  бирге кесипчилик – техникалык лицейи статусу берилген. Жетим балдарды, майып балдарды, көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына социалдык жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-декабрындагы Кыргыз Өкмөтүнүн №-658  Токтомунун негизинде №4 кесиптик лицей реабилитациялык окуу жайы статусуна ээ болгон.

      Лицейде  спорт залы, “Эмгек жана эрдикке даңк” музейи, жыгач усталар, гипсокартон менен иштөөчү, электр жана газ менен ширетүүчүлөрдүн, слесарлардын,  сырдоочу–шыбакчылардын, жылуулук изоляциясы боюнча өнөркана,  китепкана,  ашкана,  жатакана  бар. №4 лицейинде 1 илимдин кандидаты,  Кыргыз  Республикасынын “Кесиптик билим берүүсүнүн” 10 мыктысы  (отличиниги ), “Билим  берүүнүн” 3 мыктысы  эмгектенет.