Студенттердин дүйнө таанымын кенейтүү, улуу эпосубуз «Манас» туралуу кенен маалымат алуу, аны жан дүйнөсүнө синирүү максатында жыл сайын лицейде улуу манасчылар менен ар кандай жолугушуу уюштурулуп келет
2025-жылдын 20-январында лицейде жылдагыдай эле салтка айланып калгандай манасчы Муса уулу Төлөбек менен жолугушуу иш чарасы өттү. Бул иш-чарада манасчы Муса уулу Төлөбек студенттерге өзүнүн кеп кеңешин айтып, кандайча Манас дүйнөсүнө сүнгүп кирип калганын узун сабак кылып айтып берди. Студенттердин руханий, адеп-ахлактык аң сезимдерин өстүрүү үчүң белгилүү манасчы Муса уулу Төлөбектин жооптору абдан кызыктуу, маңыздуу болгондуктан суроолор абдан көп болду.Студенттер абдан кызыгуу менен суроолорду берип жатышты. Эки сааттан ашык убакыт кантип өтүп кеткендигин да байкабай калышты. Ошондой эле иш-чаранын катышуучулары «Манаска» байланыштуу өздөрүнүн кызыккан суроолорун манасчы Муса уулу Төлөбекке узатышып, ал кишиден ынындуу,кызыктуу жоопторду ала алышты.